МАВЛЯНОВ Гани: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАВЛЯНОВ Абдыкапар Субанкулович [4. 7. 1955-жылы туулган, Ош обл., Жаңы-Жол району, Кербен айылы (азыркы Жалал-Абад обл., Аксы району, Кербен ш.)] - милициянын генерал-майору (2008). КМДТИни

(1975), СССР ИИМ академиясын (1988) бүткөн. 1975-78-ж. Ош облусу Жаңы-Жол р-нундагы Ильич атындагы орто мектепте мугалим, 1978- 84-ж. КР ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгында бөлүмдүн инспектору, улук инспектору, 1984-86-ж. Совет р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1988-91-ж. Базар-Коргон р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальник, 1991-95-ж. ЖалалАбад обл. ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары, 1995-96-ж. жана 1997- 2007-жылы КР ИИМде, 1996-97-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыктарында начальник, 2007- 08-ж. КР Президентинин администрациясында коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, 2008-10-ж. КР ИИМдин Э. Алиев атындагы академиясынын начальниги болуп иштеген.