МААС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МААС, М ё з (фламандча Мааз, фр. Меизе; жал­пы европалык уңгусу шиа - ным, зак) - Франция, Бельгия жана Нидерланддагы дарыя. Узундугу 925 км, алабынын аянты 36 миң кл«2. Арденна тоолору­нан башталып, Ортонку Европа түздүгү аркы­луу агат да, Рейндин дельтасынын түштүк салаа­сына куят. Суусунун деңгээли төмөнкү агымында кыйла аралыкта чектеш жаткан түздүктөрдөн жогору болгондуктан, М-тын нугуна дамба (тос­мо) курулган. Негизинен жамгыр, ошондой эле кар сууларынан куралат; суу кышында жана жазын­да кирет; деңгээли 5-8 лгге чейин көтөрүлөт. Орт. чыгымы 300-400 м?/сек, эң көбү 3 миң ж3/сек:га чейин. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Каналдар аркылуу Шельда, Сена, Рейн ж. б. дарыялар менен туташат. Боюнда Верден (Фран­ция), Намюр, Льеж (Бельгия), Маастрихт (Ни­дерланд) ш. бар.