ЛЫЖА СПОРТУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛЫЖА СПОРТУ - кышкы спорттун бир түрү. Лыжа катуу жыгач, кайың, желим, жылып жүрүүчү тамандын эки чекеси катуу материалдардан (бук, эмен, гикарь) даярдалат. Л. с. лыжа менен ар кандай аралыктарга жарышууну (гонки), бута атып, лыжа менен жарышууну (биатлон), лыжанын эки түрүн (жарышуу жана секирүү), лыжа менен секичеден (трамплинден) секирүүнү, тоо-лыжа спортун, слаломду (желекчелер менен белгиленген атайын трасса аркылуу

тоодон түшүү), чоң слаломду, фристайлды камтыйт. Лыжаны спортто алгач норвегдер 1555- жылдан колдоно башташкан. 1767-жылы Л. с-нун бардык түрү боюнча алгачкы мелдеш өткөрүлгөн. 1924-жылы Эл аралык лыжа федерациясы негизделип, олимпиялык оюндардын, 1929-жылы дүйнөлүк чемпионаттын программасына киргизилет. Л. с. Кыргызстанда 1920-жылдан массалык түрдө өнүгө баштаган. 1936-жылы Караколдо Л. с. боюнча биринчи жолу Кыргыз Респ-нын биринчилиги өткөрүлгөн. Ата Мекендик согуш учурунда (1942- 44) Ленинграддагы П. Лесгафт атындагы Дене тарбия институтунун убактылуу Кыргызстанга көчүрүлүшү, респ-када Л. с-нун өнүгүшүнө чоң түрткү болгон. 1962-жылы Кыргызстандын лыжачылары 1-СССР элдеринин кышкы спартакиадасына катышкан. 1962-жылы лыжа тээп жарышуу боюнча бүткүл союздук мелдештерге катышып, А. Попов, К. Эсенбаева, А. Клюев СССР спортунун чебери деген наам алышкан.