ЛХАСА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛХАСА — Кытайдын түштүк-батышындагы шаар. Азиядагы ламаизм дининин башкы диний бор­бору. Тибет автономия р-нунун администрациялык борбору. Тибет тайпак тоосунун этегинде, Жичу д-нын (Брахмапутра д-нын алабы) өрөөнүндө, деңиз денг. 3650 м бийиктикте жайгашкан. Калкы

Потала сарай комплекси.

124,8 миң (2010). Жолдор тоому. Металл иште­тип, курал жасоочу өнөрканалары, тактай ти­лүүчү, тери иштетүүчү ишканалары, дары-дар­мек заводу иштейт. Шаар 7-к-да Тибет падышасы Сронцзангамбо тарабынан негизделген деп бо­жомолдонот. Потала ак сарай-монастыр комп­лекси (Далай-ламанын баштапкы резиденция­сы); оймо-чиймеленип кооздолгон алтын, жы­гач, таштан жасалган айкелдери бар үч ак са­рай жана монастырлар сакталган жана Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Л-да геофизикалык обсерватория жана метеорология станциясы бар. Шаардын чет жакасында буу­дай, шалы айдалат. Бакчылык (кызыл өрүк, алма, алмурут) өнүккөн.