ЛУМУМБА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛУМУМБА Патрис Эмери (2. 7. 1925, Касан про­винциясы, Оналуа - 17. 1. 1961, Катанга про­винциясы) - конголук саясий жана коомдук ишмер. Конго Респ-нын улуттук баатыры (1966). Л. акын катары да белги­лүү. Католик миссионерлер мектебин, Антверпен университети­нин юридикалык факультетин бүткөн. 1950-жылдан саясатка ка­тыша баштаган. Көз каран­дысыздык үчүн күрөшкөн Конго улуттук

кыймылы партиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси (1958). Бель­гиялык Конгого көз каран­дысыздык берүүнү чечкен

Брюсселдеги (1960, янв,- февр.) «Тегерек стол» конференциясына катышкан. 1960-жылы июндан Конго Демокр. Респ-нын 1-премьер-министри болуп иштеген. Нечен ирет куугунтукка алынган. 1960-жылы сентябрда Конго кризисинин жүрүшүндө камакка алынып, Катангада (азыркы Шааба) мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 2002-жылы акталып, өкмөт Л-нын өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнөн жана конго элинен расмий түр­дө кечирим сураган. 1961-92-ж. Москвадагы Эл достугу университети Л-нын ысымы менен аталган.