ЛОТЕРЕЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛОТЕРЕЯ (фр. loterie, голландча lot - чек, утуш дегенден) - лотерея билеттерин сатуу аркылуу мамлекеттин же аны уюштурган уюмдун элде­ги эркин акча каражаттарын ыктыярдуу чогул­туунун формасы; киреше жаначыгымдар лоттон сууруп алынган билет боюнча жүргүзүлгөн кумар оюну. Л-дан түшкөн каражаттын бир бөлүгү утуштарга (акчалай жана белек катары) кетсе, калганы уюштуруучуларга, мамлекетке (салык түрүндө) ж. б. таандык болот. Л. 2-к-да Кытай­да, 15-к-да Голландияда, 1530-31-ж. Италияда жана Францияда, ал эми расмий жазуу тарыхый булактары боюнча Брюггеде 1466-жылы ойнотулган. Л. өзүнө кардарды тартуу үчүн кооз, көркөм (утуштардын сүрөтү менен) жасалат. Л-лар каты­шуу боюнча - активдүү, пассивдүү жана активдүү­пассивдүү; утуш түрүнө карата - тираж, дароо (спринт) жана аралаш; өткөрүү жери боюнча - жергиликтүү, респ. жана эл аралык, ошондой эле стимул берген (иш­кана жарнамасы), лото (тотализатор аркылуу), бинго ж. б. бөлүнөт. Көп өлкөлөрдө Л-ларды муниципалитеттер, кайрымдуулук уюмдары ж. б. өткөрөт. Азыркы учурда өбөлгө болуучу Л-лар күч алууда. Кыргызстанда тираж («Кыргыз лото» ж. б.), спринт (ордунан утушту дароо бер­ген), (тамеки, чай ж. б. нерселерди сатуучу), бин­го (оюн залында өткөрүлүүчү) ж. б. түрлөрү ке­ңири тараган.