ЛОРЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛОРЕН София (өз аты жөнү - София Виллани Шиколоне) (20. 9. 1934-жылы туулган, Рим) - итал.

ак­триса. 1949-жылы Неополдо сулуу­лар конкурсуна катышып, ошол эле жылы Римде эпизоддук ролдор­до ойной башта­ган. «Ак күңдөр менен соодала­шуу» жана «Суу ас­тындагы Африка» (1952) фильмдери аркылуу көрүүчү­лөргө таанылган.

Анын актрисалык ийгилиги - «Дарыядан келген аял» (1954, реж. В. Де Сика) фильминен кийин бекемделген. 1957-58-ж. «Дельфиндин үстүндөгү бала», «Кара орхидея» (Венецияда Бүткүл дүйнөлүк кинофес­тивалдын (сыйл., 1958) жана «Ачкыч» фильмде­рине тартылган. Голливуд режиссёрлорунун фильмдериндеги ролдорго катышуусу - анын өзгөчө сулуулугун даңазалаган. Мекенине кай­тып келгенден кийин реж. Де Сиканын фильм­деринде башкы ролдордо ойногон. Режиссёр ак­трисанын талантын драмалык, комедиялык фильмдердеги образдар аркылуу ачкан («Бок­каччо 70» 1961; «Альтонанын элден безгенде­ри» 1962; «Кечээ, бүгүн, эртең» 1963). Согушка жана фашисттерге каршы «Чочара» фильминде жөнөкөй итал. аял Чезиранын (1960, Каннда­гы ЭКФ сыйл., 1961, «Оскар» сыйл.), «Италия­лыктарча үйлөнүү» фильминде Филумендин (1964, Москвадагы ЭКФтин сыйл., 1965) ролун зор чеберчиликте ойногон. 1969-жылы советтик-итал. «Күн карамалар» фильмине тартылган. Көптө­гөн чет өлкөлүк режиссёрлордун фильмдеринде («Мадам Сан-Жен», «Рим империясынын кула­шы», «Арабеска», «Аида», «Нан, сүйүү жана...» ж. б.) башкы ролдордогу образдарды чебер ачып берген.