ЛОНДОН ЭКОНОМИКА МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛОНДОН ЭКОНОМИКА МЕКТЕБИ - экономикалык би­лим берүүнүн жана изилдөөнүн дүйнөдөгү негизги борборунун бири. 1895-жылы Лондон университетинин бө­лүгү катары негизделген. Мектеп өзүнүн байла­ныштарына жараша дүйнөдөгү саясат, бизнес жана укукка өтө таасирдүү келет. Окуу структу­расы экономика, укук, социология, финансы, бухгалтердик эсеп ж. б. тармактарды камты­ган 23 факультеттен турат. Коомдук илимдер боюнча дүйнөдөгү эң ири китепканасы (4 млндон ашык китеп нускасы жана 20 миңдей басма жана элект­рондук журналдар менен) иштейт. Учурда 9 миңдей студент билим алат. Алардын 32%и Ан­глиянын, 19% и Европа шериктештигинен жана 49% и дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген сту­денттер. Мектепти бүткөндөрдөн Нобель сыйлы­гынын лауреаттары: экономикадан - Жон Хикс (1972), Фридрих Хайек (1974), Жеймс Мид (1977), Артур Льюис (1979), Пол Кругман (2008) ж. б.; адабияттан - Жорж Бернард Шоу (1925), Бертран Рассел (1950); Тынчтык үчүн күрөшү боюнча - Ральф Банч (1950), Филип Ноэль-Бей­кер (1959). Ошондой эле бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү­нөн алдынкы саясатчылар да көп чыккан. Мисалы, Хармадио Ариас (Панама Респ-нын президен­ти 1932-36), Жон Ф. Кеннеди (АКШ президенти 1961-63), Ким Кэмпбелл (Канаданын премьер­министри 1993-жылы), Камисис Мара (Фиджи пре­зиденти 1994-2000), Жорж Сорос (финансист), Саид Каддафи (Муамар Каддафинин уулу, Гаа­га сотунун эл аралык соту) ж. б.