ЛОМЕ КОНВЕНЦИЯЛАРЫ (1975-2000: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛОМЕ КОНВЕНЦИЯЛАРЫ (1975-2000) Афри­ка, Кариб алабындагы жана Тынч океан мамле­кеттеринин (АКТ мамлекеттер тобу) жана Европалык экономикалык коомдоштук (ЕЭС, кийин Европа Союзу ЕС) өлкөлөрү менен ассоциация жөнүндөгү макулда­шуулары. Л. к-нын максаты - өнүгүп келе жат­кан АКТ мамлекеттер тобу (негизинен Улуу Бри­тания, Голландия, Бельгия жана Франциянын

мурдагы колониялары) менен соода-экономикалык мами­лелерди түзүп, аларга жардам берүү. Л. к-нын башкы идеясы - Европа Союзуна (ЕС) кирген мамлекеттер менен АКТ мамлекеттеринин орто­сунда достук ж. б. мамилелерди чындап, АКТ мамлекеттеринин экономикалык, маданий жана социал­дык жактан өнугүшүнө көмөктөшүү, ошондой эле ин­вестициялык талаш-тартыштарды эл аралык­укуктук жол менен жөнгө салуу. Мындай макул­дашуу алгачкы жолу 1975-жылы Ломе (Того) ш-нда өнүгүп келе жаткан 46 мамлекеттин (не­гизинен ЕСке кирген мамлекеттердин мурдагы колониялары) ортосунда кол коюлуп, кийинки 20 жыл ичинде Л. к. төрт жолу түзүлгөн. Акыр­кы төртунчу конвенция («Ломе IV») 1989-жылы декабрда 10 жылдык мөөнөт менен (2000-жылы че­йин) түзүлүп, анын мүчөлүгүнө ЕСтин 15 мам­лекети жана АКТнын 70 мамлекети кирген. Төртүнчү Л. к-нын жобосу боюнча АКТ өлкөлөрү ө. ж. жана а. ч. продукцияларын ЕСке кирген мамлекеттерге эркин болсо да, өзгөчө артыкчы­лыгы бар жеңилдиктерди талап кылбастан, кир­гизүүгө укук алышкан. Л. к-на катышуучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелер 3 не­гизги орган (Министрлер кеңеши, Элчилер комитети, Бириккен ассамблея) менен жөнгө салынган. 2000-жылы Л. к-нын ордуна ЕС жана АКТ тобунун 71 өлкөсүнүн ортосунда Котону макулдашуула­ры (мөөнөтү 20 жыл) деген аталышта жаңы ке­лишим түзүлүп, конвенциянын башкы идеясы сакталып калган.