ЛОЗАННА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922-23): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛОЗАННА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922-23) - Түркиядагы чет элдик ишмер интервенциянын кыйрашы жана «Кемал революциясынын» жеңишинен кийин Ж. Чыгыштагы абалды жөнгө салуу үчүн чакырылган эл аралык жыйын. Ал 1922-жылы 20-ноябрдан 1923-жылы 24-июлга чейин Лозанна шаарында (Швейцария) өткөн. Улуу Британия, Франция жана Италиянын демилгеси менен чакырылган. Л. к-на Грекия, Япония, Сербдер, хорваттар, словендер королдугу, Румыния, АКШ (байкоочу катары), Түркия катышкан. Конференцияда советтик жана Болгария делегациялары Кара деңиз кысыктары боюнча маселелерди талкуулоо менен гана чектелген. Албания, Бельгия, Испания, Португалия, Нидерланд, Норвегия жана Швеция өкүлдөрү экономикалык айрым маселелерди талкуулашкан. Л. к-нын негизги максаты - Түркия менен тынчтык келишимди даярдоо жана Кара деңиз кысыгынан кеме жүрүү тартибин аныктоо болгон. Бул маселе боюнча советтик делегация Түркиянын талабын канааттандыруу, согуш жана тынчтык мезгилдерде аскер кемелеринин жүрүшүнө тыюу салуу, соода кемелеринин эркин сүзүшүн камсыз кылуу зарылчылыгын жактаган. Бирок Антанта державаларынын колдоосуна таянган Улуу Британия ага каршы болуп, Кара деңиз кысыгын демилитарлаштырып, анын үстүнөн эл аралык контроль жүргүзүп турууну талап кылган. Л. к. 1923-жылы 24-июлда Лозанна тынчтык келишимине (1923) кысыктардын тартиби ж. б. жөнүндө конвенцияга жана 17 документке кол коюу менен аяктаган. 1923-жылы 24-июлда конвенцияга Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Грекия, Румыния, Болгария, Сербдер, хорваттар, словендер королдугу, Түркия, 1923-жылы 1-августта СССР өкүлүкол койгон. Конвенция боюнча Босфор жана Дарданелл кысыктары бардык мезгилде соода жана аскер кемелери үчүн ачык деп жарыяланган. СССР бул конвенцияны ратификациялаган эмес. Л. к. 1936-жылы Монтрё конференциясы (1936) иштеп чыккан конвенция менен алмаштырылган.
Ад.: Нежинский Л. Н. Советская дипломатия и Лозанская конференция (1922-23 гг.) // Россия и Черноморские проливы (ХУШ-ХХ столетия). М., 1999; Киреев Н. Г. История Турции XX в. М., 2007.