ЛОБНОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛОБНОР - Тарим түздүгүнүн чыгышындагы туюк көл; Кытайдын батышында, деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Көлгө куйган дарыялардын (Тарим, Кончедарыя) чыгымы жана нугу туруктуу болбогондуктан, Л-дун жайгашкан жери, өлчөмү, туздуулугу жыл сайын же мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Дарыялар куйганда аянты 3 миң км2ге жетет (9-12-к-да 14 миң км2 болгон). Көл шор жерлер жана саздар менен курчалып, кургакчыл мезгилдерде же Кара-Кошун көлүнө куйган жылдары бир нече майда иримдерге бөлүнөт же соолуп, ноябрдан апрелге чейин муз каптайт; басымдуу бөлүгү түбүнө чейин тоңот. Кара-Кошун көлүн изилдөө аркылуу (орус саякатчысы Н. М. Пржевальский ж. б.) Борбордук Азиядагы «адашкан» дарыялар менен көлдөрдүн проблемасын чечүүгө өбөлгө түзүлгөн.
Ад.: Мурзаев Э. М. Природа Синьцзяна и формирование пустынь Центральной Азии. М., 1966; Кузнецов Н. Т. Воды Центральной Азии. М., 1968.