ЛОБАЧЁВСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛОБАЧЁВСКИЙ Николай Иванович (20. 11(1. 12). 1792, Нижний Новгород - 12(24). 2. 1856, Казан) - орус математиги, евклиддик эмес геометрияны түзүүчү, ойчул-материалист. Ал гимназияда (1802- 07), Казан университетинде (1807-11) окуган, ошол эле жерде магистр (1811), адъюнкт (1814), экстраординар проф. (1816), ординар проф. (1822), физика-математика факультетинде декан (1820-22, 1823- 25), ректор (1827- 46) болуп иштеген. Л. сандар теориясы, элементардык математика, сфералык тригонометрия, дифференциалдык геометрия, физика, механика жана астрономия боюнча лекция окуган. «Казан университетинин илимий эмгектери» журналын негиздеген (1834). 1829-жылы «Геометриянын башталышы жөнүндө» деген эмгегин жарыялаган. Л. Евклиддин 5-постулатын далилдөөгө аракеттенип, анын негизинде «Элестетүүчү геометрия» деген жаңы геометрияны түзгөн. Ал геометрияга гана эмес, математиканын башка тармактарына да салым кошкон. Алгебра, математикалык анализ, ыктымалдык теориясы, механика, физика, астрономия боюнча илимий эмгектери бар. Ал акыркы илимий эмгеги - «Пангеометрияны» өзү айтып берип жаздырган. Л-дин геометрйясы өзүнүн тирүү кезинде кабыл алынбай, 19-к-дын 2-жарымынан тааныла баштаган. Л-дин урматына эл аралык сыйлык дайындалып, алтын медаль чыгарылган. Горькийдеги мамлекеттик университетке Л-дин ысмы берилген.

Эмг.: Полн. собр. соч.: В 5 т. М., 1946-51.
Ад.: Айылчиев А. Класстан тышкары окуу үчүн геометрия. Ф., 1979; Лаптев Б.А. Н. И. Лобачевский. Казань. 2001.