ЛИТОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛИТОГРАФИЯ (лито... жана ...графия - тегиз ба­суу) - көркөм басманын техникасы. Көркөм сүрөт искусствосунда формага сүйкөлгөн боёкту кагаз, таш (катуу акиташ) менен иштөөгө байла­нышкан нуска (оттиск) алуу ыкмасы; Л. ыкма­сы менен басылган чыгарма; ушул ыкмага адис­тештирилген өнөркана. Л-ны сүрөтчү атайын майлуу Л-лык калем менен бүртүктүү же тегиз беттүү таштын үстүнө тартып аткарат. Сыя калем менен тартылган графикадан басып алуу үчүн жылмакай таш, ал эми калем менен тар­тылган сүрөттун так көчүрмөсүн алууда быдыр­луу таш пайдаланылат. Кээде атайын Л-лык кагаз - корнпапирге тартылган сүрөттү таштын бетине түшүрүүгө туура келет. Таш химиялык жол менен иштетилип, форманын бети сууланып, боёк сүйкөлгөндөн кийин басуу процесси аткарылат. Басма атайын станокто жүргузүлөт. Л-лык тех­никанын башка да аз колдонулуучу түрлөрү

А. Н. Бенуа. «Петергоф. Чоң Дворецтин Үстүнкү парк тарабындагы Чиркөөнүн корпусу». Литография. 1918.

0. Абсаттаров «Түштүктө». 2006.

(хромолитография, асфальтта кырып тартуу, туш менен жуу, таш гравюрасы) бар. Көп учурда ташта иштөөнүн ордуна түп нусканы атайын көчүрмө кагазда аткарышат. Бул учурда сүрөттү ташка сүрөтчүнүн жардамысыз эле түшүрө бери­шет. Л-ны 1797-жылы Германияда А. Зенефельдер ойлоп чыгарган. 19-к-да кеңири тараган көркөм каражат болуп калды. Ал карикатура менен саясий-сатиралык чыгармаларда сүрөт көчүрмө­сүн көбөйтүү, кара-ак жана көп түстүү нускалар­ды, китеп сүрөттөрүн, географиялык карталарды, эти­кетка, плакат, көрсөтмө куралдарды ж. б. кө­бөйтүп басуу үчүн кеңири колдонулат. Андан кийин иштөө принциби Л-га окшош келген ав­толитография, олеография, литогравюра, аль­графия ж. б. пайда болгон. 20-к-дын 30-жыл­дарынан сүрөт көчүрмөсүн алуунун өркүндө­түлгөн түрү - офсеттик басууну колдонуу менен Л-лык процесс өндүрүштө четтетилишине кара­бай Л. көркөм нусканы алуунун алгачкы тех­никасы болуп кала берүүдө. 19-к-да Л. жасалга өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Ил­люстрация, саясий жана турмуштук карикату­ра, плакат, эстамп өнүккөн. Л-нын кулач жа­йышына Ф. Гойя, Т. Жерико, Э. Делакруа, А. Менцель, 0. Домье, П. Пикассонун чыгармачылыгы зор роль ойногон. Россияда Л-нын өнүгүшү А. О. Орловский, О. А. Кипренский, К. П. Брюл­лов, К. И. Лебедевдин ысымдарына тыгыз бай­ланыштуу. Л. станогун Октябрь революциясынан мурда Германиянын Лейпциг ш-нан Санкт-Пе­тербургга, Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанга алып келишкен. Л-лык өнөркана Биш­кекте Сүрөтчүлөр үйүндө жайгашкан. Өнөр­канада белгилүү сүрөтчүлөр: Л. Ильина, Л. Трус­ковский, Ю. Белевич, В. Рогачев, А. Сгибнев, Р. Нудель, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев, Т. Кур­мановдор эмгектенишкен. 2005-жылы өнөркана Л. борбору болуп, жаңы долбоор менен иштей баш­таган. Кыргызстандагы Л-лык борбор - Борбордук Азия­дагы жалгыз ишкана. Бүткүл дүйнөлүк Л. бор­бору деген статуска ээ болгон. Л. борборун Сү­рөтчүлөр союзунун мүчөсү, живописчи - график О. Абсаттаров жетектейт. Анда сүрөтчүлөр көркөм графиканын офорттук гравюра өнөрүн үйрөнүшөт жана чыгармачылыгын өркүндөтүшөт. Бор­бордо Европанын, Борбордук Азиянын жана Австрия­нын сүрөтчүлөрүнүн семинарлары, студенттер үчүн лекциялар, практикалык сабактар өтүлөт. Новосибирск шаарында жана Полыпада эки жылда бир өтүүчү эл аралык конкурстарга, көргөз­мөлөргө кыргыз литографисттери да катышып турушат.

Ад.: Суворов П. И. Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л. Технология офсетной печати. М., 1966.