ЛИТИЙ КЕНТАШТАРЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛИТИЙ КЕНТАШТАРЫ - курамында бөлүп алууга жарамдуу литий элементи бар минералдардын чогундусу. Ө. ж-лык мааниге ээ болгон минералдарга сподумен (Ы2О - 6-7%), петалит (3,5-4,9%), амблигонит (8-10%), литий слюдасы (циннвальдит - 3,0-3,5%), лепидолит (4- 6%) кирет. Литийге бай минералдар эндогендик шартта гранит магмасы менен байланышкан. Негизинен жогорку температурада (500-250°С), 1,5- 7 км тереңдикте постмагмалык процесстен пайда болот. Л. к-нын ө. ж-лык-генезистик типтерине натрий-литий тибиндеги сейрек металлдуу пегматиттер (сподумендүү пегматит, лепидолит-сподумендүү пегматит, лепидолит-петалиттүү пегматит типчелери); литий-фтор тибиндеги сейрек металлдуу граниттер; циннвальдиттүү же.лепидолиттүү грейзендер; алар менен бирге кездешүүчү циннвальдити бар касситерит-волфрамиттүү кварц тарамдары мисал болот. Л. к-нын бардыгы комплекстүү келет. Сподумендүү жана петалиттүү кенташтарда Ы менен бирге Ве, Та, Св, РЬ, 8п кездешет. Циннвальдиттүү кенташта 8п, IV жолугат. Ири кендери Канада, АКШ, Зимбабве (Түщ. Родезия), Бразилия, Россия ж. б. жерлерден табылган.