ЛИПИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИПИДДЕР (Нроэ - май) - тирүү клеткалардын курамындагы тиричилик процессинде маанилүү ролго ээ май сымал заттар. Л. биол. мембрананын курамына кирип, клетканын өткөргүчтүгүнө, ферменттердин активдүүлугүнө таасирин тийгизет, нерв импульсунун берилишине, булчуңдардын жыйрылышына, клеткалардын өз ара байланышын түзүүгө жана иммунндук-химиялык процесстерге катышат. Ошондой эле энергия топтоо, жылуулукту сактоо, механикалык таасирлерден коргоо ж. б. функцияларды аткарат. Л-дин көпчүлүгу - май кислоталарынын, спирттердин же альдегиддердин туундулары. Алар химиялык курамына жараша жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Молекуласы май кислотасынын же альдегиддердин жана спирттердин калдыктарыңан турган жөнөкөй Л. (май, мом ж. б.), ал эми курамында фосфолипиддер, гликолипиддер жана көп атомдуу спирттердин калдыктары барлар т а т а а л Л. деп аталат. Л-ге стериндер, хинондор, терпендер да кирет. Л. сууда начар, петролей эфири, бензол ж. б-да жакшыраак эрүүчү беттик активдүү заттар. Организмде липазанын таасири менен ферменттик ажыроого учурайт.