ЛИНОГРАВЮРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИНОГРАВЮРА (латынча Ипо1ешп, Нпшп - кен­дир, о1еит - май линолеум жана гравюра) - ли­нолеум же ага окшош полимердик-пластика­лык материалга түшүрүлгөн томпок гравюра. Көркөм каражаттары жана техникасы боюнча Л. ксилографияга окшош жана басылышында гана

Линогравюра.Л. Ильина. «Эне». 1963.

андан майда деталдарынын жоктугу менен айыр­маланат. Л. 20-к-дын башында пайда болгон. Л-нын өзгөчөлөнгөн сапаттары, б. а көркөм ти­линин таамайлыгы, ак менен каранын ачык кон­трастта турушу, материалдын сапатына ыла­йык иштелген ийкемдүү живопистик штрих ж. б. сапаттары басма графикасынын көп че­берлеринин көңүлүн бурду. Мисалы, Л-га П. Пи­кассо (Франция), Э. Паккард (АКШ), П. Ниль­сен (Дания), В. Д. Фалилеев, В. А. Фаворский (Россия) ж. б. кайрылышкан. Кыргызстанда Л-да Л. А. Ильина, А. С. Осташев, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев, Т. Курманов ж. б. иштешкен.