ЛЙННИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЙННИК Юрий Владимирович [8 (21). 1. 1915, Белая Церковь - 30. 6. 1972, Ленинград] - орус

математиги, СССР ИАнын академиги (1964; корр. мүчөсү, 1953), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Ленинград университетин бүтүргөн (1938), проф. (1944). 1941- 42-ж. Советтик Армиянын ката­рында кызмат өтөгөн. 1940-42-ж. СССР ИАнын В. А. Стеклов атындагы Математикалык институтунун Ленинград бөлү­мүндө иштеген. Л. сандар, ыктымалдык жана математикалык статистика теорияларын изилдеген. Сандар теория­сында Варинг маселесинин элементардык чыгарылышын берген. Ыктымал­дык жана математикалык статистика теориясында Л. жаңы аналит. методду киргизип, көп татаал проблемаларды чечкен. Изилдөө багыты: баа­лоо теориясы, татаал гипотезаларды текшерүү теориясы ж. б. СССР мамлекеттик (1947) жана Ленин сыйл. (1970) лауреаты. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Дисперсионный метод в бинарных аддитивных задачах. Л., 1961.