ЛИННЕЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИННЕЙ Карл (23.05. 1707, Росхульт - 10. 1. 1778, Упсала) - швед табият изилдөөчүсү. Париж ИАнын мүчөсү (1762). Л. табият жана медициналык
билимди Лунд жана Упсала университеттеринен алган. 1738- жылдан Стокгольмдо врач болуп иштеген. 1739-ж. деңиз госпиталын жетектеп, өлүм себептерин билүү үчүн өлүктү союп көрүүгө уруксат алган.

Швед ИАны түзүүгө активдүү катышып, анын 1- президенти болгон (1739).
1741-жылдан Упсала университетинде кафедра башчысы, медицина менен табият тануудан сабак бергенетикалык Л. түзгөн өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн системасы 18-к-дын 1-жарымындагы зоолог, ботаниктердин зор эмгектерин жыйынтыктаган. Л. «Жаратылыш системасы» деген эмгегинде (1735-ж.) бинардык номенклатураны, (1 түрдүн аталышы латынча 2 сөздөн - уруу жана түрдүн атынан) колдонгон. Ал морфол. жана физиол. белгилерге таянып, «түр» деген түшүнүккө аныктама берген; систематикалык категориялар (класс, түркүм, тукум, уруу, түр ж. б.) өз ара бири-бирине баш иет деп далилдеген. Л. өсүмдүктөрдү классификациялоодо өсүмдүктүн бир, эки же көп үйлүүлүгүн, энелигин жана аталыгын, көлөмүн, санын жайгашуусун негиз кылып алган. Ушул принциптин негизинде Л. өсүмдүктөрдү 24 класска бөлгөн. Өзү 1500 түрдү ачып, сыпаттап жазган. Жаныбарлар дүйнөсүн 6 класска: сүт эмүүчүлөр, куштар, амфибиялар, балыктар, курттар жана курткумурскалар деп бөлгөн. Бул классификацияда адамды жаныбарлар дүйнөсүнө, сүт эмүүчүлөр классына, приматтар түркүмүнө киргизгендиги, бул системанын мыкты жагы болуп эсептелет. Л. органикалык дүйнөнүн тарыхый өнүгүүсүнө каршы болуп, түрдүн саны жаралгандан туруктуу жана өзгөрбөйт деп эсептеген. Бирок Л-дин жыйнаган бай тажрыйбасы, ар кайсы жердеги өсүмдүктөр менен таанышуусу, анын метафиз. көз карашына таасирин тийгизбей койгон эмес. Кийинки эмгектеринде бир урууну түзгөн бардык түрлөр бир түрдөн келип чыккандыгын жана түрлөрдүн өз ара аргындашуусунан жаңы түр пайда болушу мүмкүн экендиги жөнүндөгү пикирин өтө сактык менен билдирген. Л. көп өсүмдүктөрдүн уулуу жана дары касиеттерин ачкан. Ал ботаника жана зоология боюнча, ошондой эле теориялык жана практикалык медицина боюнча эмгектердин автору.
Ад.: Бобров Е. Г. К. Линней. Л., 1970.