ЛЙМФА СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЙМФА СИСТЕМАСЫ - омурткалуу жаныбар жана адамдын ткандары менен органдарынан лим­фаны чогултуп, аны вена системасына кошуучу лимфа тамырлары менен түйүндөрүнүн жыйынды­сы. Лимфа түйүндөрү (бездери) лимфа тамырла­рына бойлото жайгашат. Л. с. капиллярлар­дан тканга чыпкаланып өткөн суюктукту кан журуу системасына кайра жиберет, ичегиде сиң­ген азык заттарын өткөрөт, лимфа түйүндөрүндө лимфаны чыпкалап, организмди коргоо кызма­тын аткарат. Лимфа ткандан капиллярларга си­ңип, андан майда лимфа тамырларына өтөт, алар ириленип, венага куюучу чоң тамырга ай­ланат. Лимфанын басымы төмөн болгондуктан, лимфа тамырларынын капталдары өтө жука бо­лот. Балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда жана сойлоочуларда жука капталдуу кеңейген жерлери - лимфа синустары болот. Адамда баш­ка сүт эмүүчүлөрдүкүндөй эле көп сандаган лим­фа түйүндөрү болуп, жалгыздан же тобу менен не­гизинен тилдин түбүндө, алкым, колтук, чурай, өзгөчө чычыркайда, ичеги капталдарында жай­гашкан. Лимфанын жылышын скелет булчуң­дарынын жана ички органдардын мезгили менен тамырды кысышы, тамырдын өзүнүн кагышы, ошондой эле майда тамырларга келүүчү суюктуктун ба­сымы камсыз кылат.