ЛИ ЛИН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИ ЛИН (туулган жылы белгисиз - биздин заманга чейинки 74) - Хан династиясынын (биздин заманга чейинки 206 - биздин замандын 205) аскер башчысы; биздин заманга чейинки 99-жылдан кийин хунн урууларын бийлөөчүлөрдүн бири. Биздин заманга чейинки 99-ж. Алтай тоосундагы салгылашууда 30 миң атчан аскери менен хунндардын курчоосунда калып, өзү колго түшкөн. Хунндардын шануйу ага кызын берип, башкы кеңешчи (жуку-князь - £&!) кылып
дайындаган. Кытай тарыхый даректеринде Л. Л-дин «биротоло хунндардын ичинде калганы жана Кыргыз (Хягас) өлкөсүн каратканы, анын тукуму бул өлкөнү Чыңгыз ханга чейин бийлегени» маалымдалат. Император Ву-Цзун (840-46) 840-ж. уйгур мамлекетин талкалаган кыргыз каганын (к. Кыргыз кагандыгы) Л. Л-дин тукуму деп тааныган. Император Сюань-Цзун (846-47) кыргыз каганынын ысмын өзүнүн генеал. тукумуна теңештирүүнү ойлогон. 860-ж. жазылган Дуань Чэншинин тарыхында (Юян Цзацзу) кыргыздар (цзянькунь) «чачы ак саргыл, көздөрү көк, сакалмуруту сары» болсо, Л. Л-ден кийин же кытай жоокердин тукумунан тарагандар «сакал-муруту кара» болуп калганы тууралуу айтылган. Кээ бир изилдөөчүлөр (П. П. Азбелев) Л. Л-дин тушунда Кыргыз өлкөсү Түркстанда (Чыгыш) жайгашканын белгилейт.
Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2000; Кызласов Л. Р. Гуннский дворец на Енисее: Проблема ранней государственности Южной Сибири. М., 2001; Азбелев П. П. Кыргызы и Китай; о пределах доверия к летописям//Природные условия, история и культура Западной Монголии и сопредельных регионов (Материалы VIII международной конференции, г. Горно-Алтайск, 19-23 сентября 2007 года). Т. 1. Горно-Алтайск, 2007.
Э. Турганбаев.
