ЛЕОНТЬЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЕОНТЬЕВ Василий (5. 8. 1906, Мюнхен - 5. 2. 1999, Нью-Йорк) - америкалык экономист. АКШ УИА­нын (1974), СССР ИАнын (1988) мүчөсү. Нобель сыйл. лауреаты (1973). Ленинград университетин (1925),

Берлин университетин (1928) бүт­көн. Экономика илимдеринин док­тору(1928). 1920-жылдары дүйнөдө биринчи жолу эл чарба балансын (СССР, 1923-24-ж.) иштеп чыккан. Киль университетиндеги дүйнөлүк экономика институтунда иште­генетикалык 1931-ж. АКШгакелип, Гарвард университетинде проф. 1948-ж. өзүтүзгөн «Гарвард­дык экономикалык изилдөө долбоо­рунун» жетекчиси. 1970-ж. Америка экономикалык ассо­циациясынын президенти, 1975-85-ж. Нью-Йорк университетинин экономикалык анализ институтунда директор. 1970- жылдары дүйнөлүк экономикалык өсүүнү прогноздоо иш­терин жетектеген. Бир нече жолу Россияга ке­лип кеткен. 1993-ж. Петербургда

«Леонтьев фонд» түзүлгөн. «Чыгым-чыгаруу» методдору­нун теориялык негиздерин түзгөн. Экономикалык илимде ста­тистикалык маалыматтарды анализдөөдө ЭЭМ­ди алгач колдонгон.

Эмг.: Исследования структуры американской эко­номики. Теоретический и эмпирический анализ по схеме затраты-выпуск. М., 1958; Экономическое эс­се. Теории, исследования, факты и политика. М., 1990.