ЛЕНИНПОЛЬ АКИТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕНИНПОЛЬ АКИТАШ КЕНИ Талас обл-нун Бакай-Ата р-нунда, Талас ш-нан 28 км батышта. Курташ кыш-нан 1,5 км түндүк-батышта, деңиз деңг. 750-1050 м бийиктикте жайгашкан. 1955-ж. ачылып, толук чалгындалган. Кен протерозой заманынын аягындагы кристаллдуу сланецтердин арасында жатат. Пайдалуу акиташ тоо тек катмарынын калыңдыгы 20 м. Акиташ теги майда бүртүкчөлүү, саргыч боз, кээде кызгылт темгилдүү ак түстөрдө. 1 кг акиден 2,6 л эринди чыгат; чылануу убагы 60 сек. Биринчи сорттогу акиташ алууга жана цемент даярдоого болот. Запасы 2 миллион 457 миң т. Ачык түрдө казып алууга болот.