ЛИСТИНГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИСТИНГ - биржада баалуу кагаздардын айлануусуна уруксат берүү иш-чаралары. Алар котировкалуу кагазга түшүрүлүп, инвесторлорго толук маалыматты ачып берет. Эмитенттер инвестициялык жагымдуулугун арттыруу үчүн Л-ден өтөт. Л. фондулук биржада инвесторго ишканалардын финансылык туруктуулугуна таасир эткен коомдук финансы-чарбалык ишчаралары жана маанилүү фактылар жөнүндө толук маалыматка ээ болууга кепилдик берет. 2010-ж. «БТС-Кыргызстан фондулук биржасы» ЖАКта Л-ден 6 компания («Ысык-Көл инвест банк», «Ишкердүүлүк өнүгүү фонду», «Береке-инвест», «Ош инвест», «Аргымак» ААК жана «Казына капитал» ЖАК) өткөн. Л-ден өтүү акционерлерге
жана компанияларга салык жана мамлекеттик төлөмдөрдүн (акция жана облигациялар үчүн) төмөндөшүн, компаниянын ачык-айкын иш алып барышын, инвесторлордун ишенимин арттырат.