ЛИСТЕРИОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛИСТЕРИОЗ (Ыз^егюзхз) - малдын борбордук нерв системасынын сезгенүүсүнөн пайда болгон жу­гуштуу ылаңы. Көп учурда жатынын жана же­линин сезгентип, мал бала салат. Ылаң козгогу­чу (Ыз^егча топосуЪо^епез) - полиморфтуу, таякча түрүндөгү бактерия. Ал өлгөн малдын тарпында 4 айга чейин, жер кыртышында, кык­та, короо-жайларда 11 ай, чөптө 20 күнгө че­йин, көлмө сууларында 1 ж. чейин сакталат. Ылаңдаткыч лизолдун 5%түү, хлордуу акинин 3%түү эритмелеринде 10 мүнөттө жугушсуздан­дырылат. Л. менен кой, эчки, бодо мал, чочко, жылкы, коён, тоок, күрп ыландайт. Кыргызстанда Л. менен көбүнчө кой ылаңдайт. Ыландын букма мезгили 7—30 күн. Ыландаган койдун табити начарлайт, уйкусурайт, көзүнүн тегереги, ка­ңылжаары сезгенет. 1-2 күндөн кийин айлан­баштанып, калчылдайт, мойну бир жагына кый­шайып, тарамышы түйүлөт, көзү көрбөй калат. Ушундай абалы бир нече сааттан 10 күнгө че­йин созулуп, акырында өлүшү мүмкүн. Бодо мал­да койлорго караганда жеңилирээк өтөт. Диаг­ноз эпизоотол. маалыматтардын, клиникалык белгилердин, патанат. өзгөрүүлөрдүн, бактериол. жана серол. изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Л-го каршы биомицин, тетрамицин, тетрацик­лин жакшы натыйжаларды берет. Л. аныктал­ган чарбага карантин коюлат. Ыландуу мал тур­ган жайлар тазаланып, жегич натрийдин 3%түү ысык эритмеси, өчүрүлгөн акиташтын 20%түү эмульциясы, 5%түү активдүү хлору бар хлор­дуу акиташ менен дезинфекцияланат.