ЛИРИКАЛЫК КААРМАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИРИКАЛЫК КААРМАН - лирикадагы акындын образы. Поэзиялык чыгармалардагы баяндалган поэтикалык ой көбүнесе акын атынан айтылат. Бирок лирик акын жеке таржымалын гана ырга айлантпастан, жалпы журттун атынан сүйлөйт, анын эстетикалык идеалы элдин идеалы менен айкалышып кетет. Л. к. образы, башка жанрлардагы көркөм образ сыяктуу эле, турмуш материалын иргөө, типтештирүү, ойдон чыгаруу өңдүү ыкмалардын жардамы менен түзүлөт. Биринчи жактан («мен») жазылган
прозалык чыгармалардын баяндоочусу да кээде Л. к. деп аталат. Лирикада акындын жекече ой-сезимдери берилгендигине карабастан, ал автордун өзү эмес (мисалы, Токтогулдун «Алымкан» аттуу лирикалык ырынын каарманы сүйүүдөгү эркиндикти, адилеттүүлүктү жар салган адамдын образы). Ырдагы Л. к-дын аты аталбайт, ал акындын «мени» менен берилет, бирок «мен» жалпыга таандык болот. Л. к. эпикалык чыгармаларда да болот (к. Эпикалык тек), анын аты аталат (мисалы, А. Токомбаевдин «Өз көзүм менен» поэмасындагы Бакас; Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги сүрөтчү Сейит). Бул каармандар Л. к-дардан айырмаланып, ысмы, ким экени белгилүү болуп, терен ачылган эпикалык мүнөзгө жакын келет. Мындай каармандар автордук позицияны, мамилени, көз карашты алып жүрүшү менен Л. к. делет.