ЛИРИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИРИКА (лира дегенден) - көркөм адабияттын эпос, драма сыяктуу тектеринин бири; мында акындын (же лирикалык каармандын) дүйнөгө, турмушка субъективдүү мамилеси, башкача айтканда жекече көз карашы, ички сезими, көңүл түйшүктөрү туюнтулат. Л. көбүнчө ыр түрүндө жаралат, бирок анда адабияттын башка тектерине (эпос, драма) тиешелүү жыйынтыктоо, жалпылоо, индивидуалдаштыруу, типтештирүү, ой жорутуу өндүү көркөм ыкмалар да колдонулат. Л-нын негизги предмети - адам жана анын көп кырдуу турмушу. Бирок Л-лык ырда көп сызыктуу кенен сюжеттер, жетик иштелген мүнөздөр жана чиеленген окуялар караманча болбойт. Л. өзүнүн конкреттүү мазмунуна жана тематикалык принцибине жараша саясий (мисалы, Д. Бедныйдын «Коммунисттик марсельеза», Ж. Турусбековдун «Тилек»), тарыхый (М. Лермонтовдун «Бородино»), философиялык (Э. Межелайтистин «Адам»), сүйүү (А. Осмоновдун «Сүйүү жана мен»), пейзаждык (Ф. Тютчевдин «Жазгы добул») болуп бир канча түргө бөлүнөт. Лирикалык поэзиянын мыкты үлгүлөрүн Анакреонт, Ли Бо, Саади, Ф. Петрарка, Ж. Байрон, Россияда А. С. Пушкин, Атап Айтканда Блок, С. А. Есенин, В. В. Маяковскийлер түзүшкөн. Л. - кыргыз адабиятындагы эң байыркы тектердин бири. Элдик Л. - арман, кошок, эмгек, сүйүү, бешик, оюн, көрүшүү ырларында, айтыш жанрларында өзгөчө өнүккөн. Революциядан кийинки мезгилде атуулдук (граждандык), интим, пейзаж Л-сы кыргыз поэзиясынын негизги жанры болуп, көп түрдөгү тематикада, ар кыл мазмунда жана стилде өнүгүүдө.
Ад.: Поспелов Г. Н. Лирика. Среди литературных родов. М., 1976; Силъман Т. И. Заметки о лирике. Л., 1977; Гинзбург Л. Я. О лирике. [3-е изд.]. М. 1997.