ЛЙПКИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЙПКИН Семён Израилевич [6(19). 9.1911, Одесса - 31. 3. 2003, Москва обл., Переделкино] - орус акыны, котормочу. Калмак АССР эл акыны (1968), Кыргыз ССРинин маданиятка эмг. сиң. кызматкери (1975). Москва инженердик-экономикалык институтун бүтүргөн (1937). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Калмактын «Жангар» (1940), кыргыздын «Манас» (1941), кабарданын «Нарттар» (1951), буряттын «Гэсэр» (1968), инди элинин «Махабхарата» (1969) эпосторун, тажик, өзбек, кыргыз, балкар, калмак классиктеринин жана замандаш акындарынын чыгармаларын орусчага которгон «Манас» эпосунун С. Орозбаковдун вариантындагы Л. орус тилине которгон «Чалгынга даярдануу», «Чалгын», «Жылкы тийүү», «Баатырлардын согушу», «Соңку казат» бөлүмдөрү 1946-ж. Москвадан чык-

кан «Великий поход» китебине кирген. Л-дин котормосу менен «Кабарда эпикалык поэзиясы» (1956), «Алты кылымдын үнү» (1960), «Алтын чынжыр», «Чыгыш поэмалары» (1970) ж. б. китептер чыккан. «Дидаарлашкан адам» (1967) ыр китебинин, «Манастын» сюжетине жазылган «Айкөл Манас» повестинин автору. Тажик ССРинин Рудаки атындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1967). III даражадагы Манас ж. б. ордендер менен сыйланган.