ЛИНЗА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИНЗА (немисче Ыпзе, латынча 1епз - жасмык дегенден) оптикада - томпок же иймек (кээде бир жак бети тегиз) беттер менен чектелген, жарык нурунун формасын өзгөртүүчү жана оптикалык сүрөттөлүштү алууга жөндөмдүү болгон тунук нерсе. Оптикалык касиети боюнча Л. жарык нурун чогултуучу (оң) жана чачыратуучу (терс) түрдө болот. Л. көбүнчө оптикалык жана органикалык айнектен даярдалат. Улътракызгылт көк нурлар үчүн - кварцтан, флюориттен ж. б., инфракызыл нурлар үчүн - айнектин өзгөчө түрүнөн, сапфирден, кремнийден, германийден ж. б.
материалдардан жасашат. Л-лар жука жана калың, жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Жука Л-лар жөнөкөй болот, ал эми калың Л-лар бир же андан көп Л-лардын системасынан турат да, калыңдыгы сфералык беттин радиусунан бир аз айырмаланат. Мисалы, берилген шартта Л. жука деп эсептелсе, башка шартта ал Л. калың деп эсептелиши мүмкүн. Л-ны мүнөздөөчү чоңдуктар геометриялык жана оптикалык параметрлерге бөлүнөт. Геометриялык параметрлери: сфералык беттеринин радиустары, негизги оптикалык огу, негизги тегиздиги, оптикалык борбору, фокустук аралыктары; оптикалык параметрлери: Л-нын сырткы чөйрөгө салыштырмалуу сындыруу көрсөткүчү п, оптикалык күчү Ф. Сфералык беттердин борборлорун бириктирип турган түз сызык Л-нын негизги оптикалык огу деп аталат. Жука Л. аркылуу өтүүчү нурларды «сындыруучу» тегиздик негизги тегиздик, Л-нын негизги оптикалык огу менен негизги тегиздик кесилишкен чекит линзанын борбору деп аталат. Л-ны мүнөздөөчү чоңдуктардын арасындагы байланышты чагылдыруучу катышты табуу үчүн параксиалдык нурлар пайдаланылат. Л-нын оптикалык огуна параллель же кичине бурч түзүп, негизги
огунан алыс эмес өткөн параллель нурлардын шооласы параксиалдык нурлар деп аталат. Параксиалдык нурлар Л-дан өткөндө негизги фокус деп аталган чекитте. Л-нын борборунан анын фокусуна чейинки аралык Л-нын фокустук аралыгы деп аталат. Л-лар үчүн анын параметрлерин байланыштырган формула:
Ф = —= (га-1)- — + — I
/ 1^1
Л-нын оптикалык күчүнүн бирдиги - диоптрия (дптр). Диоптрия - фокустук аралыгы 1 м болгон чогултуучу линзанын оптикалык күчү. Мында п>1 шарты үчүн чогултуучу болот, ал эми п < 1 болгондо чачыратуучу болот.
