ЛЙМФА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛЙМФА (латынча 1утрЬа - таза суу, ным) - адам жана омурткалуу жаныбарлардын лимфа системасында айлануучу суюктук. Ачка болгондо Л. тунук, ал эми тамактангандан кийин эмульсияланчу майлар көбөйүп, тунук болбой, ак түскө өтөт. Анда плазмага караганда белоктор азыраак, лимфоциттер көп, эритроциттер абдан аз. Л. тканга кан плазмасынан суюктуктун дайыма келип турушунан жана андан лимфа тамырына өтүшүнөн пайда болот. Негизинен азыктандыруу жана коргоо функциясын, ошондой эле организмдеги ткандар менен кандын ортосундагы зат алмашууну камсыз кылат. Химиялык курамы боюнча кан плазмасына, ткань суюктугуна жана жүлүн суюктугуна өтө окшош. Анда бир аз белок, глюкоза, май, минерал заттар, лимфоциттер ж. б. болот. Л-нын курамы ал агып чыгуучу органдардын абалына байланыштуу. Ага кан менен лимфа тамырынын өткөргүчтүгү жана осмос басымы, нейрогумордук башкаруунун абалы таасир этет. Майдын көпчүлүгү ичегиден Л-га сиңет. Л-га уу жана бактерия токсиндери оңой
кирип, ал Л. түйүндөрүндө тазаланат. Л-нын Л. тамыры боюнча кыймылын организмдин физиол. активдүүлүгү, дене булчундардын жыйрылышы жана венадагы тескери басым камсыз кылынат. Адамдын лимфа. системасында 1-2 л Л. болот. Л. организмде капиллярларда гидростатикалык басым көтөрүлгөндө, зат алмашуу күчөгөндө жана патол. абалда көбөйөт.