ЛИМПОПО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛИМПОПО, Крокодилдүү - Африканын түштүк-чыгышындагы дарыя; ТАР, Ботсвана, Зим­бабве, Мозамбиктин аймактары аркылуу агат. Ортонку агымында ТАР - Ботсвана, ТАР - Зим­бабвенин чек арасын түзөт. Уз. 1800 км, алабы­нын аянты 415 мин клг2. Витватерсранд тоосу­нан башталып, Мозамбик ойдуңу аркылуу агат да, Инди океанына куят. Башкы куймалары: Моколо, Лепхалала, Могалаквена, Санд, Ули­фантс (оң), Марико, Мотлоуце, Тули, Умзинг­вани, Бубье, Мвенези, Шангане (сол). Жамгыр жана жер астындагы суулардан куралат. Көп жыл­дык орт. чыгымы төмөнкү агымында 449 мЦсек чамасында (жылдык агымынын көлөмү 14,2 кж3). Жайкы (декабрь-февраль) жамгырдан төмөнкү агымынын деңгээли 5-7 лгге көтөрүлөт. Кроко­дилдүү д-нда Хартбиспурт плотинасы, Улифан­тстта Лоскоп суу сактагычы курулган. Чаты­нан 209 клгге чейин кеме жүрөт. Алабында Крю­гер, Баньине улуттук парктары бар. Боюнан Ма­балане, Шокве ш., деңизден 60 км алыстыкта Шаи-Шаи порту орун алган.