ЛИМАСОЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИМАСОЛ, Лемесос - Кипрдин түштүгүндөгү шаар. Лимасол округунун (епархия) администрациялык борбору. Жер Ортолук деңизиндеги Акротирион булуңу­нун жээгинде жайгашкан. Калкы 172,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдө Никосиядан кийинки 2-шаар). Ири порт (жылына 4,4 миллион т жүк ташылат). Шаардын эски бөлүгүндө Ыйык Екатерина (10-к.), иониттер (13-к.) соборлору, Ке­бир-Жами мечити (16-к-дын аягы), түрк мончо­су ж. б. сакталган. Тамак-аш (эт, сүт, май), же­ңил, парфюмерия-косметика жана фармацевти­ка ө. ж. ишканалары иштейт. Университеттер, кампус­тар, китепканалар, музейлер, сүрөт галереясы, театр бар. Эл аралык балет (2000-жылдан), ша­рап фестивалДары жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.