ЛИВИНГСТОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛИВИНГСТОН - Замбиянын түштүгүндөгү шаар. Түштүк провинциясынын администрациялык борбору. Зам­бези д-нын боюнда, Виктория шаркыратма­сынан 11 км аралыкта жайгашкан. Калкы 133,8 миң (2010). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1905-ж. негизделген. Шаардын тарыхый бөлүгүндө колониялык мезгилдин ку­рулуштары (20-к-дын 1-жарымы) сакталган. Ма­шина куруу (автомобиль, трактор ж. б. техни­каларды кураштыруу), жыгаччылык, женил, тамак-аш, тамеки ө. ж. ишканалары иштейт. Л-дун аймагына (Замбези д-на) ГЭС курулган. Педагогикалык коллеж, улуттук музей (1934; археол., эт­ногр., тарых, африкалык искусство, Д. Ливингстон­дун өздүк буюмдары), Марамба маданий борбо­ру (ачык асман алдындагы этногр. музей) бар. Л.- туризмдин борбору. Шаарга жакын жерде Моси-оа-Тунья улуттук паркы жана Виктория шаркыратмасынын (туристтик комплекс уюш­турулган) бир бөлүгү Буткул дуйнөлук мурас­тын тизмесине киргизилген. Шаар саякатчы Д. Ливичгстондун урматына аталган.