ЛИ БО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИ БО (экинчи аты Ли Тайбо; 701, азыркы Кыргызстан, Токмок ш. -762, Даньту) - кытай акыны. Акындын туулган жери жөнүндө эки божомол кездешет. Биринде ал Кытайдын Сычуань провинциясынын Цинлян кыш-нда туулган делсе, экинчисинде байыркы Суябда, азыркы Токмок ш-нын жанында туулган деп айтылат. ЭООдөн ашуун лирикалык ырлары бизге жеткен, анын ичинде «Байыркы» циклинде, элдик ырлар жанрындагы ырларында (Юэфу), ыргактуу прозасында (фу), төрт саптык бир шилтемдеринде конфуцийлик рационализм даосизмге мүнөздүү жаратылыш менен жуурулушуу мотивдери менен айкалышкан. Дүйнөлүк поэзиянын классиги Ли Бонун ырлары элге жана аялдардын оор турмушуна жан тартууга, патриотизмге каныккан.
Чыг.: Ли Бо. Тандалган ырлар. Б., 2001; Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы, Б., 2004.