ЛИАКАТ АЛИ ХАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИАКАТ АЛИ ХАН Навабзада (1. 10. 1895, Карнал - 16. 10. 1951, Равалпинди) - Пакистандын мамлекеттик ишмери, Британдык Индиядагы мусулмандар кыймылынын лидерлеринин бири. Алигхар мусулман университетинин юридикалык факультетин (1918), Оксфорд университетин (1921) бүтүргөн. 1923-ж. Индияга кайтып келип, Мусулман лигасына кирген. 1936-47-ж. анын генералдык секретары. 1923- жылдан Бириккен провинциялардын, 1940- жылдан жалпы индиялык мыйзам чыгаруу жыйынынын, 1946-жылдан Индия вице-королуна караштуу аткаруу кеңешинин мүчөсү. 1946-ж. октябрда Ж. Неру жетектеген Индиянын убактылуу өкмөтүндө финансы министри, 1948-ж. М. А. Жинн өлгөндөн кийин мамлекетти жетектеген. 1947-ж. Пакистандын премьер-министри жана коргоо министри. 1950-51-ж. Пакистан Мусулман лигасынын президенти. 1951-ж. Равалпиндиде өлтүрүлгөн. Пакистан респ-сын түзүүгө чоң салым кошкон.