ЛЁЩЕНКО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛЁЩЕНКО Лев Валерианович (1. 2. 1942-жылы туулган, Москва) - орус совет эстрада ырчысы (бас-баритон), РСФСР эл арт. (1983). 1969-ж. ГИТИСти бүткөн. 1970-жылдан СССР мамлекеттик телерадиодо солист. Бүткүл союздук эстрада артисттеринин лауреаты (1970), Сопоттогу эл аралык ыр фестивалынын 1-сыйлыгын алган (Полыпа, 1972). Д. Ф. Тухмановдун (сөзү В. Г. Харитоновдуку) Жеңиш күнүнүн эмблемасы болуп калган. «Же-

ңиш күнү» (1975) ырын биринчи аткарган. 1980- 89-ж. «Росконцерттин» солисти. 1987-90-ж. Гнесиндер атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтунда вокал бөлүмүндө сабак берген. Репертуарында элдик жана эстрада ырлары, романстар бар. Л-нун аткаруусундагы В. Г. Добрыниндин «Жер жүзүндө сүйүү жашайт» (сөзү Л. П. Дербенёвдуку), Ю. С. Саульскийдин «Татьянанын күнү» (сөзү Н. М. Олевдики), В. Я. Шаинскийдин «Ыйлаба селки» (сөзү В. Г. Харитоновдуку), Д. Ф. Тухмановдун «Булбулдуу токой» (сөзү А. Г. Поперечныйдыкы) ж. б. ырлар элге кеңири белгилүү. 1990-ж. мамлекеттик эстрада театрын уюштурган.