ЛЕОНТЬЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛЕОНТЬЕВ Василий (5. 8. 1906, Мюнхен - 5. 2. 1999, Нью-Йорк) - америкалык экономист. АКШ УИАнын (1974), СССР ИАнын (1988) мүчөсү. Нобель сыйл. лауреаты (1973). Ленинград университетин (1925),
Берлин университетин (1928) бүткөн. Экономика илимдеринин доктору(1928). 1920-жылдары дүйнөдө биринчи жолу эл чарба балансын (СССР, 1923-24-ж.) иштеп чыккан. Киль университетиндеги дүйнөлүк экономика институтунда иштегенетикалык 1931-ж. АКШгакелип, Гарвард университетинде проф. 1948-ж. өзүтүзгөн «Гарварддык экономикалык изилдөө долбоорунун» жетекчиси. 1970-ж. Америка экономикалык ассоциациясынын президенти, 1975-85-ж. Нью-Йорк университетинин экономикалык анализ институтунда директор. 1970- жылдары дүйнөлүк экономикалык өсүүнү прогноздоо иштерин жетектеген. Бир нече жолу Россияга келип кеткен. 1993-ж. Петербургда

«Леонтьев фонд» түзүлгөн. «Чыгым-чыгаруу» методдорунун теориялык негиздерин түзгөн. Экономикалык илимде статистикалык маалыматтарды анализдөөдө ЭЭМди алгач колдонгон.
Эмг.: Исследования структуры американской экономики. Теоретический и эмпирический анализ по схеме затраты-выпуск. М., 1958; Экономическое эссе. Теории, исследования, факты и политика. М., 1990.