ЛЕОНОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕОНОВ </strong> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕОНОВ</strong> Леонид Максимович [19(31). 5. 1899, Калуга губерниясы, Тарус уезди, Полухино кыш. - 7. 8. 1994, Москва] - орус жазуучусу. СССР ИАнын академиги (1972). РСФСР <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr>суна эмг. сиң. ишмер (1949), <abbr data-short="Соц. Эмг. Баатыры" data-full="Социалисттик Эмгектин Баатыры" data-extended="true">Социалисттик Эмгектин Баатыры</abbr> (1967). 1922-жылдан алгачкы аңгемелерин <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> повесттерин жарыялаган. Анын ысмын журтка тааныткан - «Кашкулактар» (1924) романы. Романда орус кыштагы социалдык абалын реалдуу чагылдырып, келечектин жаркын элесин көрсөтө алган. Бул мотив кийинки «Ууру»</p><p>[[File:ЛЕОНОВ_1.jpg|thumb]](1927, 2-редакциясы 1959), «Провинциядагы окуя», «Буурул түн» (1928) ж. б. повесттеринде да өнүктүрүлгөн. Ошол эле учурда социализм куруп жаткан элдин баатырдык эмгегин баяндаган «Соть» (1930) романын жазат. 1930-жылдардын аягы - 40-жылдардын башында Л. драматургия жанрында иштеп, «Половчан багы» (1938), «Карышкыр» (1938), «Бороон» (1939) ж. б. пьесаларды жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда «Жапырык» (1942; СССР <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr> сыйл., 1943) пьесасын, «Великошумскини алуу» (1944) повестин, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> <abbr data-short="публ." data-full="публицистикалык" data-extended="true">публицистикалык</abbr> макалаларын жарыялаган. Согуштан кийинки чыгармаларынын эң мыктысы - «Орус токою» (1953; Лениндик сыйл., 1957) романы. Анда табияттын экол. маселеси, орус токоюнун тарыхый тагдырына байланышкан кагылыштар, талаш-тартыштар, көз караштар айкын чагылдырылган. 20-к-дын 50-60-жылдары Л. «Еу§еп1а Туапоупа» (1963) повестинин, «Алтын араба», «Бороон», «Жапырык» пьесаларынын <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> «Ууру» романынын жаны редакциясын берген. «Мистер Мак-Кинлинин качышы» киноповести (1961; аты уйкаш фильм, 1976; СССР <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr> сыйл., 1977) бар. Социалдык, адеп-ахлактык, психол., <abbr data-short="филос." data-full="философиялык" data-extended="true">философиялык</abbr> проблематикасынын терендиги, образдарынын көркөмдүгү Л-дун прозасын <abbr data-short="ад-т" data-full="адабият" data-extended="true">адабият</abbr>тын мыкты үлгүлөрүнүн катарына кошот. Төрт Ленин ордени <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> сыйланган.</p> | ||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
15 октябрь 2026, саат 09:45 учурдагы нуска
ЛЕОНОВ Леонид Максимович [19(31). 5. 1899, Калуга губерниясы, Тарус уезди, Полухино кыш. - 7. 8. 1994, Москва] - орус жазуучусу. СССР ИАнын академиги (1972). РСФСР искусствосуна эмг. сиң. ишмер (1949), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967). 1922-жылдан алгачкы аңгемелерин жана повесттерин жарыялаган. Анын ысмын журтка тааныткан - «Кашкулактар» (1924) романы. Романда орус кыштагы социалдык абалын реалдуу чагылдырып, келечектин жаркын элесин көрсөтө алган. Бул мотив кийинки «Ууру»

(1927, 2-редакциясы 1959), «Провинциядагы окуя», «Буурул түн» (1928) ж. б. повесттеринде да өнүктүрүлгөн. Ошол эле учурда социализм куруп жаткан элдин баатырдык эмгегин баяндаган «Соть» (1930) романын жазат. 1930-жылдардын аягы - 40-жылдардын башында Л. драматургия жанрында иштеп, «Половчан багы» (1938), «Карышкыр» (1938), «Бороон» (1939) ж. б. пьесаларды жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда «Жапырык» (1942; СССР мамлекеттик сыйл., 1943) пьесасын, «Великошумскини алуу» (1944) повестин, ошондой эле публицистикалык макалаларын жарыялаган. Согуштан кийинки чыгармаларынын эң мыктысы - «Орус токою» (1953; Лениндик сыйл., 1957) романы. Анда табияттын экол. маселеси, орус токоюнун тарыхый тагдырына байланышкан кагылыштар, талаш-тартыштар, көз караштар айкын чагылдырылган. 20-к-дын 50-60-жылдары Л. «Еу§еп1а Туапоупа» (1963) повестинин, «Алтын араба», «Бороон», «Жапырык» пьесаларынын жана «Ууру» романынын жаны редакциясын берген. «Мистер Мак-Кинлинин качышы» киноповести (1961; аты уйкаш фильм, 1976; СССР мамлекеттик сыйл., 1977) бар. Социалдык, адеп-ахлактык, психол., философиялык проблематикасынын терендиги, образдарынын көркөмдүгү Л-дун прозасын адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарына кошот. Төрт Ленин ордени менен сыйланган.