ЛЕНИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы нуска

ЛЕНИН - Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыш­так. Ленин атындагы айыл аймагына караштуу. Ала­мүдүн суусунун жана Бишкек - Алматы автомо­биль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 610 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борбору Лебеди­новка кыш-нан 15 км түндүк-батыш тарапта жана т. ж. бекетинен 17 км. Кыштак 1907-ж. негиз­делген. Калкы 8 278 (2007); негизинен мал ба­гып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамакта­нуучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик Со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.