ЛЕНИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛЕНИН - Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагына караштуу. Аламүдүн суусунун жана Бишкек - Алматы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 610 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 15 км түндүк-батыш тарапта жана т. ж. бекетинен 17 км. Кыштак 1907-ж. негизделген. Калкы 8 278 (2007); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.