ЛАМА ДОРЖУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАМА ДОРЖУ Эрдене-Лама-Батур-хунтайши (1726-53) - калмак (ойрот) ханы (1750-53), Калдаң Серең хандын тун уулу. Күң аялынан туулуп, эреже б-ча такка отурууга укугу болбогондуктан, Калдаң Серен өлгөндө (1745) бийлик Л. Д-нун иниси Цеван Доржуга (Ажа хан) тийген (1745-50). Л. Д. 1742-ж. жазында Сары Манжы нойон баштаган калмактардын күчү м-н Ташкент ш-н каратып, Кокон, Касан ш-н курчоого алган, бирок кокондуктар м-н кыргыздардын биргелешкен колунан жеңилип, артка чегинген. 1750-ж. Л. Д. кайрадан Ташкент ш-н басып алууга аракеттенген. Бул учурда Жунгар хандыгында төңкөрүш болуп, Цеван Доржунун көзү оюлуп, сүргүнгө айдалгандыктан, Л. Д. Жунгарияга шашылыш кайтып, Эрдене Баатыр деген ат м-н өзүн хан жарыялаган. Бирок калмактар аны хан катары тааныган эмес. Аталаш туутандары (Дабачы, Амурсана) ж-а айрым нойондор ага каршы чыгышкан. Мындай абал Жунгар хандыгынын алсырашына түрткү болгон. Дабачы 1753-ж. январда Л. Д-га капысынан кол салып өлтүрүп, такка өзү отурган.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635-1758 гг.). 2-е изд. М„ 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи (17-18 вв.). А„ 1991; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б„ 1995. , Э. Турганбаев.