ЛЕЙПЦИГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕЙПЦИГ, Лайпциг - Германиянын батышындагы шаар. Саксония жеринде. Түн. Германия түздүгүнүн түш. бөлүгүндө, Вайсе-Эльстер д-нын боюнда жайгашкан. Лейпциг округунун адм. борбору. Калкы 521,0 миң (2010). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, хим., полигр., текстиль, тигүү ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т (1409), бир нече ЖОЖ, Лейпциг көркөм сүрөт академиясы, Саксония ИАнын филиалы, ЗОга жакын ИИИ, музейлер (а. и. асем өнөр, этногр., Германия китеби ж-а жазмасы ж. б.), И. С. Бахтын, Ф. Мендельсондун ж. б-дын үй-музейи бар. Алгач 1015-жылдан эскерилет. 13-15-к-да Саксониянын адм. борбору. Л-де 15-к-дын аягынан китеп басылат. Л. - Германиядагы о. кылымдан берки муз. борбор. 1212-ж. Ыйык Фома чиркөөсүндө ыр мектеби ачылып, эркек балдар хору түзүлгөн (учурда «Томанерхор»). 1802-жылдан консерватория (Ф. Мендельсон уюштурган), дүйнөгө белгилүү муз. басма иштейт. Шаардын тарыхый борборунда чиркөөлөр (13-16-к.), 16-18-к-дын курулуштары сакталган. Л-де жыл сайын дүйнөгө белгилүү китеп көргөзмө-жармаңкеси, кыска метраждуу даректүү фильмдердин ж-а музыка фестивалдары, баалуу терилер аукцион көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.