ЛЕДОКОЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛЕДОКОЛ, муз жаргыч - музду жарып сүзүп, башка кемелерге жол ачуучу ж-а уюлдук деңиздерде сүзүүчү кеме. Ал кубаттуу кыймылдаткычынын, өтө бышык корпусунун ж-а өзгөчө (атайын жасалган) формасынын натыйжасында музду жарып сүзөт. Л-дун корпусу күчөтүлгөн констр-да жасалып, муздун каршылыгына (калыңдыгына) туруштук берет. Муз талаасы м-н кезиккенде Л-дун тумшук жагы муздун үстүнө
чыгып, өзүнүн салмагы м-н музду жарат. Ал дарыяда, көлдө, деңизде ж-а портто жүрүүчү болуп бөлүнөт. 1864-ж. дүйнөдө биринчи Л. - орус пароходу «Пайлот» жасалып, кыймылдаткычынын кубаттуулугу 44,2 кВт болгон. Ал эми 1957-ж. «Ленин» атн. ядролук Л. сууга түшүрүлгөн. Анын суу сыйымд. 16 000 тж-а башкы турбинасынын кубаттуулугу 32,4 МВт болуп, күйуүчү отунсуз эле тынымсыз иштөө убактысы 1 жылдан ашат. Жээктерин түндүктөгү деңиздер чулгап турган АКШ, Канада, Россия, Финляндия, Швеция мамлекеттеринин кубаттуу муз жаргыч флоттору бар.
Ад.: Арикайнен А. И„ Чубаков К. Н. Азбука ледового плавания. М., 1987.