ЛЕВИТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
1 сап: 1 сап:

ЛЕВИТАН Юрий Борисович [19. 9 (2. 10). 1914, Владимир - 4. 8. 1983, Москва] - диктор. СССР эл арт. (1980). Эмгек жолун 1931-ж. 17 жашы­нан баштап, өмүрүнүн аягына чейин Москвада­гы Бүткүл союздук радионун диктору болуп эм­гектенген. Ал добушунун уккулуктуу тембри м-н өзгөчөлөнгөн. 50 жыл ичинде саясий, рас­мий маалыматты, айрыкча Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Совинформбюронун маалымат

жыйнактарын, андагы оор, кайгылуу кабарлар­ды зор чеберчиликте элдин жан дүйнөсүнө жет­кире окуган. 0. эле бир нече фильмдерге үн кош­тогон.
[[Категория:5-том,_2-50_бб]]

ЛЕВИТАН Исаак Ильич [18(30). 8. 1860, Литва, Вилкавишский р-ну, Кибартай ш. - 22. 7(4. 8). 1900, Москва) - орус пейзажчы-живописчи. 1873-85-ж. Москва живопись, скульптура ж-а арх-ра окуу жайында окуган. 1891-ж. көчмө сү­рөтчүлөр шериктештигине, 1897-ж. «Мюнхен Сецессион» көркөм сүрөт бирикмесине мүчө. Крымда (1886, 1889), Финляндияда (1896), Ита­лияда ж-а Францияда (1890, 1894) иштеген. Л. плэнер живописинен таасирленип, натура­дан тартууну үйрөнгөн. 1880-жылдан табият

[[File:ЛЕВИТАН_1.jpg|thumb|Левитан И. И. «Март». 1895. Третьяков галереясы. Москва.]]

м-н атм-нын назик дүйнөсүн кең мааниде ачуу­га, образды эмоциялуу берүүгө («Сокольники. Күздүн күнү», 1879) умтулган. Пейзаж - чыг­лыгындагы негизги теманын бири; «Волга кечи» (1888), «Сайроон. Жамгырдан кийин» (1889) ж. б. Интонациялык түзүлүшү жагынан «Кеч­кижылаажын», «Көк ирим жээкте» (1892) ат­туу чыгармалары А. П. Чеховдун лирикалык прозасына үндөш. 1880-90-жылдардагы «Кайың токою», «Март» аттуу сүрөттөрүндө импрессио­низмдин таасирлери байкалат. Белгилүү эмгек­тери: «Волга. Керимсел» (1891-95), «Алтын күз» (1895), «Күүгүм. Чөмөлө» (1899), Третьяков га­лереясында. Акыркы эмгеги - «Орус жери. Көл» (1900) - сүрөтчүнүн ата журтунун эпикалык арым м-н иштелген монументтүу символу. Л-дын сүрөт тартуу дүйнө таанымы орус пейзаждык живописинин өнүгүшүндө өзүнчө мектепти тү­зүп, кийинки муундун пейзажчы-сүрөтчүлөрүнө зор таасир тийгизген.

Ад.: Федоров-Давыдов А. А И. И. Левитан. Жизнь и творчество. М., 1976; Турков А. М. И. И. Левитан. М., 2001.
[[Категория:5-том,_2-50_бб]]

17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛЕВИТАН Исаак Ильич [18(30). 8. 1860, Литва, Вилкавишский р-ну, Кибартай ш. - 22. 7(4. 8). 1900, Москва) - орус пейзажчы-живописчи. 1873-85-ж. Москва живопись, скульптура ж-а арх-ра окуу жайында окуган. 1891-ж. көчмө сү­рөтчүлөр шериктештигине, 1897-ж. «Мюнхен Сецессион» көркөм сүрөт бирикмесине мүчө. Крымда (1886, 1889), Финляндияда (1896), Ита­лияда ж-а Францияда (1890, 1894) иштеген. Л. плэнер живописинен таасирленип, натура­дан тартууну үйрөнгөн. 1880-жылдан табият

Левитан И. И. «Март». 1895. Третьяков галереясы. Москва.