ЛАХУТЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАХУТЙ Абулкасим Ахмедзаде (4. 12. 1887, Батыш Иран, Керманшах - 16. 3. 1957, Москва) - тажик акыны. 1905-11-жылдардагы Ирандагы рев-янын катышуучусу. 1922-жылдан СССРде жашаган. СССРге келген соң тажик поэзиясын түптөөгө катышкан. 1925-30-ж. Тажик ССР Эл агартуу комиссарынын орун басары, 1934-жылдан СССР жазуучулар союзунун секретары болгон. Чыгармалары 1907-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ыр жыйнактары: «Жазгы баар», «Лахутинин берметтери» экөө тең 1921, фарси тилинде) «Кремль» (1923), «Жаратуучу тапка» (1933), «Таалай Мекени» (1935), «Танянын жеңиши» (1942), «Кыйышпастар» (1943) деген поэмалардын автору. Анын Фирдоусинин «Шахнамесинин» сюжети б-чажазган «Кава уста» поэмасынын либреттосуна А. Баласанян опера койгон. Согуштан кийин Л-нин тандамал ырлары үч жыйнак болуп басмадан чыккан. Ал А. С. Пушкин, В. В. Маяковский, У. Шекспир, Лопе де Вега ж. б. акын-жазуучулардын чыгармаларын тажикчеге которгон. Чыг-лыгында перс ж-а тажик ад-тынын салттарын нуска тутуп, поэзияга фольклордук негиздеги жаңы поэтикалык форма, өлчөм киргизген. Л-нин чыгармалары СССР, Европа, Азия элдеринин тилдерине которулган. Ленин ордени м-н сыйланган.