ЛАТЫН АЛФАВИТИ —: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАТЫН АЛФАВИТИ — латын тилинин алфавити. Батыш грек жазуусунун негизинде Байыркы Римде (б. з. ч. 7-к.) пайда болгон. Адегенде оңдон солго ж-а сап аттап солдон оңго карай жазылган. Б. з. ч. 4-к-дан баштап биротоло солдон оңго карай жазыла баштаган. Бул алфавиттеги тамга аттары көбүнчө этрукстардан өздөштүрүлгөн ж-а ойдон чыгарылган. Тыбыштарды туюнтчу белгилердин формасы б. з. ч. 5-к-да иретке келтирилген. Алгачкы Л. а-нде 20 тамга (А, В, С, П, Е, Г, Н, Ү, К, Ь, М, N. О, Р, 0, К, 8, Т, V, X) болгон, б. з. ч. 23-ж. ченде & тамгасы, грек тилинен кирген сөздөрдү жазганда колдонуу үчүн Ү, 2 тамгалары кошулган. 3 (Ү тамгасынан айырмалап), И (V тамгасынан айырмалап) ж-а IV тамгалары Кайра жаралуу
А а | Н Ь | О о | V V |
В Ь | I 1 | Рр | XV XV |
Сс | Л | Оч | Хх |
О <1 | К к | К г | Үу |
Ес | Ь I | 8 8 | 2 г |
Е £ | М ш | Т1 | |
08 | N п | и |
доорунда гана колдонулган. Адепки о. кылым доорунан тартып Л. а. көпчүлүк Батыш Европа элдеринин, азыркы учурда Африка, Америка элдеринин бир нече ж-а Азия элдеринин жазуу системасына негиз кылып алынган. Л. а-н 1927- 40-ж. кыргыздар да колдонгон.
Ад.: Дирингер Д. Алфавит/Пер. с англ. М., 1963; Карасаев X. Кыргыз орфографиясынын тарыхынан //Тюркологические исследования. Ф., 1970.