ЛАРИНГИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАРИНГИТ (гр. 1угупх — көмөкөй) - көмөкөй­дүн былжыр челинин сезгениши. Л-тин катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган Л. көбүнчө жогорку дем алуу жолдорунун сезге­нишинде, сасык тумоо, грипп, инфекцияда пайда болот, о. эле кээ бир жугуштуу оорулардын, (кызылча, скарлатина, көк жөтөл) белгиси ка­тары жолугат. Ага организмдин суукка уруну­шу, ооз аркылуу чандуу же муздак аба м-н дем алуу, катуу сүйлөө, дүүлүктүргүч буу же газдар­дын таасири, өтө муздак же ысык тамак, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки тартуу ж. б. түрткү берет. Мында тамак кычышат, ооз кургайт, кур­гак жөтөл күчөйт, үн бүтөт. Катуу кармаган Л-тин тез-тез кайталанышы кызыл өңгөчтүн, мурун көңдөйүнүн сезгениши, үнгө ашыкча күч келтирүү, аракечтик ж. б. өнөкөт Л-ке алып ке­лет. Өнөкөт Л-те оорулуунун үнү кырылдап, кээ­де таптакыр бүтүп калышы ыктымал. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Оору­луу 5—7 күнгө чейин аз сүйлөп, ачуу, өткүр та­мак жебей, спирт ичимдиктерин ичпей, тамеки тартпоо керек. Врач сунуштаган дарылар м-н тамакты чайкап, ингаляция, жылытуучу ком­пресс жасоо сунуш кылынат. Алдын алууда му­рундун, анын конулдарынын, кызыл өнгөчтүн ооруларын өз убагында дарылор, о. эле денени чындоо, спорт м-н машыгуу чоң мааниге ээ.