ЛАНДАУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАНДАУ Лев Давыдович (9. 1.1908, Баку — 1. 4. 1968, Москва) - орус физик-теоретиги, СССР ИАнын академиги (1946), Соц. Эмг. Баатыры (1954), көптөгөн дүйнөлүк (АКШ, Франция ж. б.) ИАнын мүчөсү.

Ленинград ун-тин 1927-ж. аяктаган. 1932-ж. Украина физ.-тех. ин-тунун теор. бөлүмүн же­тектеген. 1937-жылдан СССР ИАнын Физ. проблемалар ин-тунда иштеген. ММУнун (1947), Москва физика-тех­ника ин-тунун (1947-50) проф. Физиканын көп тар­мактары б-ча ил. изилдөө жүргүзүп, металлдардын электрондук диамагнетизм теориясын, антифер­ромагнетизм теориясын, экинчи түрдөгү фаза­лык өтүштөрдүн жалпы теориясын, суюк гелий­дин өтө агуучулук теориясын, орус физик-теоре­тиги В. Л. Гинзбург м-н өтө өткөрүмдүүлүктүн жарым феноменол. теориясын түзгөн. Кванттык электр-динамикасынын, ферми-суюктук теория­сынын үстүндө иштеген. Теор. физика курсун жарыялаган (Е. М. Лифшиц м-н бирдикте). РФ ИАнын Теор. физика ин-туна Л-нун ысмы берилген. Ленин сыйл. (1962), СССР мамл. сыйл. (1946, 1949, 1953) ж-а Нобель сыйл. лау­реаты (1962).