ЛАМАРК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАМАРК Жан Батист (1. 8. 1744, Базантен, Пикардия - 18. 12. 1829, Париж) - фр. табият изилдөөчү.

Париж ИАнын мүчөсү (1783). Иезуиттер мектебинде окуган (Амьен), кудай жолуна түшүү карьерасынан баштартып, 1761-68-ж. армияда кызмат кылган. 1772-76-ж. Мед. жог. мектепте метеорология, медицина, химия, ботаника илимдерин үйрөнүп, моллюскалардын раковинасын коллекциялаган. 1777-78-ж. «Франциянын флорасы» деген 3 томдук эмгеги жарык көргөн. Ал китепте анын дихотомиялык принцип м-н өсүмдүктөрдү практикалык аныктоосу сунушталган. Бул эмгек ага көрүнүктүү ботаниктердин бири катары атакка ээ кылган. 1780-81-ж. Европа б-ча саякатта болуп, табигый-тарыхый коллекцияларды изилдеген. Королдун ботан. багынын коллекциясын түзүп, музей уюштурган. Ал музейдин зоология кафедрасында 24 жыл башчы ж-а проф. болгон. 1781-1818-ж. эн алгачкы уюшулган «Курт-кумурскалар ж-а курттар» кафедрасында проф. 1820-ж. азиз болуп, эмгектерин кыздарына айтып берип жаздырган. Л. 1-жолу (1794) айбанат дүйнөсүн 2 негизги топко - омурткасыздарга ж-а омурткалууларга бөлүп, «омурткасыздар» терминин илимге киргизген. Градация принциби б-ча омурткасыздарды он класска бөлгөн. Градацияны эвол. көз карашта түшүнгөн. Л. «биология» терминин немис илимпозу Г. Р. Тревиранус м-н бир мезгилде (бирок ага байланышсыз) киргизген (1802). Тиричилик кубулуштарын түшүндүрүүдө Л. деист болгон. Жаратылыштагы бардык нерселер м-н кубулуштардын негизин түзгөн материя толук инерттүү, аны «жандантуу» үчүн ага тыштан кыймыл киргизүү керек, кыймылга биринчи түрткү берүүчү - «улуу жараткан», жандуулар жансыздардан пайда болот деген. Зоопсихологияга негиз салган. Л. - ботаника, зоологиядан башка геол., гидрология ж-а метеорология б-ча эмгектердин автору.
Ад.: Пузанов И. И. Жан Батист Ламарк. М., 1959; <1ог<1апооа Ь. Ьатагк. 0x1., 1984.