ЛАЗЕРДИК ГРАВИРЛӨӨ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАЗЕРДИК ГРАВИРЛӨӨ - лазердин жардамы м-н басма калыптарын (формаларын) гравирлөө (оюу). Жогорку сапаттуу басуу үчүн пластина ж-а цилиндрлерди Л. г-дө компьютерлештирилген сканерлөөчү түзүлүш колдонулат ж-а яндя лазер нуру айлануучу барабанга бекитилген түп нускага келип түшөт. Сканер маалыматты санариптеп анализдегенден кийин, борб. компьютер сүрөттөлүштү кесүү үчүн башка лазерге команда берет. Басма калыптарын тез даярдоо ыкмасы - тикеден-тике, үзгүлтүксүз этаптардан турган бир цилиндрден экинчисине көчүрүү. Кайталануучу сүрөттөр ж-а сүрөттөлүштөр бир эле негизги цилиндрде сакталат ж-а улам кийинкилерин кошуп турууга болот. Л. г. үчүн эн жакшы материал - резина. Ал лазер нурунун таасиринен бууланат ж-а сыяны оной кабыл алат. О. эле цилиндрге пластинкаларды сүрөттөлүштү' камтыган бөлүгүн гана даярдагандай кылып жайгаштырса да болот.