ЛАЗЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАЗЕР, оптикалык кванттык генератор (англ. ЫеМ АшрННсаНоп Ъу 8Пти1а1ес1 Етхээхоп о£ ЕаЛаНоп - аргасыз нурлануунун натыйжасында жарыктын күчөшү деген сүйлөмдүн кыскартылып жазылышы) - индукцияланган аргасыз нурлануунун натыйжасында оптикалык диапазондогу когеренттүү, монохром электр-магнит толкундарды пайда кылуучу курал. Л. нурлары толкун узундугунун (ультракызгылт көктөн субмиллиметрге чейинки) кеңири диапазонун камтыйт. Микротолкундук диапазондогу алгачкы кванттык генератор 1954-ж. сов. физиктер Н. Г. Басов, А. М. Прохоров, амер. физиктер Гардон м-н Таунс (Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан) тарабынан иштетилген. Рубин Л-ин 1960-ж. амер. физикТ. Мейман, 1961-ж. гелийнеон Л-ин амер. физик Жаван жасаган. 1962- 68-ж. газ, суюктук ж-а катуу заттуу (диэлектрдик кристаллдарда, айнектерде, жарым өткөргүчтөрдө) Л-лер пайда болгон. Л-дин нурлануусунун негизги мүнөздөмөсү - жогорку ургаалдуулугу, когеренттүүлүгү ж-а багыттуулугу. Аргасыз нурлануу ж-а тескери байланыш генерацияга алып келүүчү Л-дин негизги процесстери болуп эсептелет. Л-дик генераторлордон кийин колдонулуучу Л-дик күчөткүчтөр да бар. Л-дин иштөөсү сырткы электр-магнит талаасынын таасири аркылуу фотондордун аргасыз нурлануусуна негизделген (к. Кванттык электроника). Эгерде инверсиялык, туруксуз абалда (тескери) болгон чөйрөдө, со = (Е2 - Ег) Й жыштыгында электр-магнит толкуну таралса, анда анын ургаалдуулугу аргасыз нурлануу эсебинен чоңоё баштайт. Анын чоңоюшу аргасыз нурланган фотондордун чөйрөдө таралган толкун пайда кылуучу фотондордон айырмасы жок

экендиги м-н шартталат. Формуладагы Ег, Е, - денгээлдердин энергиясы; А‘, - негизги ж-а дүүлүккөн абалдагы бөлүкчөлөрдүн саны (1-сүрөт). Л. үч негизги бөлүктөн турат: активдүү чөйрө (активдүү элемент); активдүү чөйрөдө инверсияны (туруксуз абал) пайда кылуучу түзүлүш (шыкоочу система); он-тескери байланышты камсыз кылуучу түзүлүш (к. Оптикалык резонатор). Оптикалык резонатордун огу б-ча өзүнөн өзү нурланган фотондор күзгүлөрдөн көп жолу чагылып, улам активдүү чөйрө аркылуу өтүп, анда аргасыз нурланууга алып келет. Резонатордун ар бир өтүшүндө энергиянын жоголушу, толкун энергиясынын көбөйүшү' м-н генерация башталат. Чөйрөгө энергия ар кандай жолдор м-н, а. а., электр талаасынын, лампалардын жарык энергиясы, хим. жол м-н импульстук ж-а үзгүлтүксүз түрдө берилет. Л. системасында бөлүкчөлөр энергияны алып, жогорку энергия-3 лык
денгээлге өтүш керек. Метатуруктуу денгээлде жашоо убактысы чон болгондуктан, анда дүүлүккөн бөлүкчөлөрдүн саны негизги денгээлге караганда көбөйөт, б. а. инверсиялык жайгашуу пайда болот. Ошол метатуруктуу денгээлден сырткы аргасыз нурлантуу күчү пайда болгондо бөлүкчөлөр негизги деңгээлге өтүп, Л-дик нурлануу башталат. Бул схема үч деңгээлдүү система деп аталат (2-сүрөт.). Төрт деңгээлдүү системада Л-дик нурлануу метатуруктуу денгээлден төмөнкү деңгээлге өткөндө пайда болот. Андан кийин ал деңгээлдеги бөлүкчөлөр негизги деңгээлге нурлануусуз атомдук кагылышууларда башка бөлүкчөлөргө энергиясын берип өтөт. Бул система өтө жакшы иштейт, анткени негизги деңгээлдеги бөлүкчөлөрдүн санына көз каранды эмес. Л. үзгүлтүксүз ж-а импульстук генерация режимдеринде иштейт. Импульстук режим бош генерация ж-а зор импульс режимдерине бөлүнөт. Л-дин уникалдуу касиеттерине жараша медицина, геология, геодезия, металлургия, химия, локация, экология, басма иштеринде, аскердик курал-жарактарда, кесүү, ширетүү, байланыш ж. б. тармактарда колдонулат.
